Санкт-Петербургда кыргызстандыктар үчүн бир миң жумушчу орун бөлүндү

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүЖУмушчу. Архив
ЖУмушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекендештер мейманкана бизнесинде, өндүрүш, курулуш жана кызмат көрсөтүү тармактары боюнча ишке орношо алышат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Санкт-Петербург бийлиги Кыргызстандын жарандарына бир миң жумушчу орун түзүп бергенин КРдин Мамлекеттик миграция кызматынан кабарлашты. 

Шейшемби күнү Миграция кызматынын өкүлдөрү Санкт-Петербургдун Эмгек ресурстар борборунун директору Алексей Чистяков менен жолугушкан.

"Анда Кыргызстандын жарандарын иш менен камсыз кылуу маселеси талкууланды. Натыйжада 44 миң иш орундун бир миңи кыргызстандыктар үчүн берилди. Мекендештер мейманкана бизнесинде, өндүрүш, курулуш жана кызмат көрсөтүү тармактары боюнча ишке орношо алышат", — деп айтылат маалыматта. 

Миграция кызматынын өкүлдөрү Кыргызстандын аймактарында жаңы иш орундар тууралуу маалымат таратып, Санкт-Петербургда иштөө сунушун 42 адам кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0