14:35 07 Бештин айы 2016
Түз эфир
Колизей, Рим. Архив

Италиядагы кыргыз мигранттар элчилик ачууну өтүнүп жатат

© Sputnik / Наталья Селиверстова
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
15210

20-октябрда КРдин Швейцариядагы элчиси Италиянын кыргыздар көп жашаган аймагына иш сапар менен барат. Анда кыргыз мигранттарынын жарандык документ алуудагы көйгөйлөрү каралат.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Италияда кыргыз элчилиги жок болгондуктан мигранттар документтерди алуу үчүн бир топ убаракерчилик тартышат. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда Римдеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана "Замандаш" ассоциациясы аталган маселелерди чечүү үчүн ТИМге бир нече ирет кайрылган.

"2011-жылы КРдин ТИМи Италияда болгон иш сапарынын алкагында Римдеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда коомдук коопсуздукка, ишкердикти камсыздандырууга, ошондой эле мигранттар арбын жашаган шаарларга консулдук ачуу талкууланган", — деп айтылат маалыматта. 

Министр Италиянын Сан-Марино шаарында кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо үчүн КРдин элчилиги жакынкы арада ачыла тургандыгын билдирген. Бирок "Замандаш" ассоциациясы ушул убакка чейин бул көйгөй чечилбей келгендигин белгилейт.

Андыктан Италиядагы кыргыздар кайрадан кыргыз өкмөтүнө кайрылуу жасап, жакын арада элчилик ачып берүүнү сурашат.

Тема боюнча

Кезек күткөн мигранттар, жетишпеген консулдар…
КР жарандарына Казакстанда каттоосу жок 30 күн жүрүүгө мүмкүнчүлүк ачылат
Белгилер:
элчилик, мигранттар, Италия

ЭҢ МААНИЛҮҮ