Россияга багыт алган "кара тизмедеги" жаран кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан-Казахстан чек арасындагы жарандар. Архивдик сүрөт
Кыргызстан-Казахстан чек арасындагы жарандар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал чек арадан досунун паспорту менен өтүүгө аракет кылып, "Ак-Жол" көзөмөл пунктунан колго түштү.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Россиянын Федералдык кызматынын "кара тизмесине" кирген жаран досунун паспорту менен кыргыз-казак чек арасынан өтүп жатканда кармалганын Чек ара кызматы билдирди.

45 жаштагы жаран Кыргызстандан Казакстанга, андан ары Россияга кетүүгө аракет кылган. Ал бул кадамын Россияга барып иштеп келүү үчүн жасаганын айткан.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүп берилген.

Эмгек мигранттары "кара тизмеден" кантип чыга аларын Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0