Түркиядан Афганистанга жаңылыш депортацияланып кеткен КР жараны кайтып келди

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАэропорттон учуп жаткан учак. Архив
Аэропорттон учуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулдагы Башкы консулдукка мындан ары бул сыяктуу окуялардын болбошу үчүн Түркиянын күч түзүмдөрү менен жолугушууларды жүргүзүүнү тапшырды.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кыргызстандын жаранын Түркиядан Афганистанга жаңылыш депортациялап жиберишкен.

Сеул шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Корея аймагында документсиз жүргөн кыргызстандыктарга миграциялык мунапыс жарыялады
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2016-жылдын 20-июнунда Түркиянын күч органдары миграциялык рейд уюштуруп, Кыргызстандын жараны Бечеловду (аты жазылган эмес) жаңылыш түрдө Афганистандын жарандары менен биргеликте депортациялап жиберишкен. Өлкөдөн чыгарылганына анын жанында паспортунун жоктугу себеп болгон.

Ал аз келгенсип Бечеловдун каражаты да жок болгон. КРдин Афганистандагы элчилигинин кызматкерлери ага тезинен жардам берип, Кыргызстанга кайтаруу боюнча тийиштүү документтерди толтурушкан.

Бечелов мекенине 29-июнда кайткан.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Стамбулдагы Башкы консулдукка мындан ары кийин бул сыяктуу окуялардын болбошу үчүн Түркиянын күч түзүмдөрү менен жолугушууларды жүргүзүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0