Москвадагы мекендештер Бишкектеги онкологиялык оорулуу балдарга жардам берет

Жазылуу
Кайрымдуулук жарманкесине Москва шаарында иштеп жаткан кыргызстандык ишкерлер жана башкалар да катышат.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Москва шаарында иштеген мекендештер кайрымдуулук жарманке уюштуруп, андан түшкөн каражатты Бишкектеги онкологиялык оорулуу балдарга жардам катары берет. Бул тууралуу "Айым" коомдук бирикмесинин жетекчиси Шахризада Аданова билдирди.

Маалыматка ылайык, жарманке 26-июнда Москва шаарында өтөт. Бул иш-чараны алар "Жардам берүү оңой" фонду менен биргеликте уюштуруп жатат.

Аданова кайрымдуулук жарманкесине Москвада иштеп жаткан кыргызстандык ишкерлер жана башкалар да катышарын белгиледи.

"Кайрымдуулук жарманкесине Москвадагы аксакалдар кенешинин өкүлдөрү, ишкерлердин эл аралык ассоциациясынын мүчөлөрү жана кыргызстандык ишкерлер катышат. Бул иш чарада азык-түлүк, кыргыздын кийим-кечеси сатылат. Ошондой эле биздин коомдун айымдары тамак-аш жасап келет", — деди ал.

Бул кайрымдуулук иш-чарасынан түшкөн каражат Бишкектеги онкологиялык оорулуу балдарга жардам катары которулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0