КР жарандарынын Казакстанда каттоосуз жүрүү мөөнөтү узартылат

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАк-жол чек ара пунктунан өтүп жаткан жарандар. Архив
Ак-жол чек ара пунктунан өтүп жаткан жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Протоколдун долбооруна ылайык мамлекеттин аймагына кирген жарандардын 30 күнгө чейин каттоосу жок жүрүүсү каралган.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Казакстан өкмөттөр аралык келишимге өзгөртүү киргизүүнү иштеп чыкты. Ага ылайык, Кыргызстан менен Казакстандын жарандары эки өлкөдө каттоосу жок 30 күнгө чейин жүрө алат. Бул тууралуу Новости-Казакстан агенттиги билдирди.

Москвадагы мигрант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз аткаминерлери мигранттардын маселесин чечүү үчүн Россияда жүрүшөт
Буга чейин КРдин миграция боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары Алмазбек Асанбаев Кыргызстанга келген казак жарандарын каттоосу жок жүрүү режимин 30 күндөн 5 күнгө чейин кыскартууну сунуштаган. Себеби, Кыргызстандын жарандары Казакстанда 5 күн гана каттоосу жок жүрө алат.

Учурда кыргыз жана казак тараптар бул маселенин үстүндө иштеп жатат. Ага ылайык, эки мамлекеттин жарандарына аталган өлкөлөрдө каттоосу жок 30 күнгө чейин жүрүүгө уруксат берүү каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0