Казак жарандарынын КРде жүрүү мөөнөтүн 5 күнгө кыскартуу каралып жатат

Жазылуу
Учурдагы эрежеге ылайык, казакстандыктар Кыргызстанда каттоосуз 30 күнгө чейин жүрө алышат. Ал эми кыргызстандыктар казак жеринде 5 күнгө чейин катталышы керек.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргызстанда казакстандыктардын өлкө аймагында каттоосуз жүрүү мөөнөтүн кыскартуу каралып жатат. Бул тууралуу Миграция боюнча мамлекеттик кызмат төрагасынын орун басары Алмазбек Асанбаев "Кыргызстан: ЕАЭБдеги алгачкы жыл, жыйынтык жана келечек пландар" аттуу тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБдин эрежеси боюнча, Казакстандын жарандары Кыргызстанда каттоосуз 30 күнгө чейин жүрө алышат, ал эми кыргызстандыктар казак жеринде беш күндөн кийин каттоого турушу керек.

"Биз Казакстандын жарандары үчүн Кыргызстанда жүрүү мөөнөтүн беш күнгө чейин кыскартууну караштырып жатабыз. ЕАЭБдин нормаларына ылайык, алар кыргызстандыктар үчүн каттоосуз 30 күнгө чейин өлкө ичинде жүрүүгө уруксат бериши керек. Бирок бул маселе создуктурулуп жатат. Эгер тийиштүү мыйзамга кол коюлбаса, биз казак жарандарынын Кыргызстанда каттоосуз жүрүү мөөнөтүн беш күнгө чейин кыскартабыз", — деди Асанбаев.

Ал эки өлкө ортосунда кандай болгон күндө да теңдештик орнорун белгиледи.

Өз кезегинде казакстандык эксперт Расул Бахманов каттоосуз жүрүү мөөнөтүн кыскартуу Кыргызстан үчүн зыян экенин айтты.

"Туризмчи? Костанайдан Ысык-Көлгө келген эс алуучулар беш күндөн кийин катталам деп милиция бөлүмүн издемек беле?", — деди ал.

Кыргызстанда туристтик сезон июнь айында башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0