Кыргызстандагы качкындардын көбү Афганистан менен Сириядан келген

Жазылуу
Сириянын жарандары качкын макамын алуу боюнча 2012-жылдан тарта кайрыла башташкан.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстанда учурда 167 качкын бар, алардын көбү Афганистан менен Сириядан келген. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматы билдирди.

Анжелина Жоли: качкындарга гуманитардык жардам көрсөтө албай калдык
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда беш мамлекеттин тургундарына качкын макамы берилген. Алардын ичинен эң көбү Афганистандын тургундары (104), экинчи орунда сириялыктар турат (50). Украиналык бозгундардын саны — 10, ирандыктардын саны — 2. Мындан сырткары Мароккодон келген бир киши бар.

Мамлекеттик миграция кызматы Сириядан жакында келген качкындар КР жарандары менен никеге турбаганын белгилейт. Ал эми никеге тургандары болсо Кыргызстанда 15-20 жылдан ашык жашагандыктарын маалымдайт.

Сириянын жарандары качкын статусун алуу боюнча 2012-жылдан тарта кайрыла башташкан. 2012-жылы — 29 киши, 2013-жылы — 72, 2014-жылы — 16, 2015-жылы — 12 жана 2016-жылы бир киши кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0