Кара тизмеге киргендерди РФга өткөрүү үчүн акча алган темир жол кызматкерлери кармалды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүТемир жол кызматкери. Архив
Темир жол кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Поезддин эки коштоочусу төрт жаранды Россиянын федералдык миграция кызматы тарабынан кара тизмеге киргенин билип туруп, акча алышкан.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Темир жол транспортунда коштоочу болуп иштеген эки жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Учурда тергөө иштери аягына чыгып, иш соттун кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тергөө көрсөткөндөй, өткөн жылдын ноябрь айында Россияны көздөй багыт алган темир жол транспортунун эки коштоочусу РФ аймагына кирүүгө тыюу салынган кыргызстандык төрт жаранды аталган өлкөгө өткөрүүгө сөз берип, чоң суммадагы акча алышкан. 

Поезддин эки коштоочусу төрт жаранды Россиянын федералдык миграция кызматы тарабынан кара тизмеге киргенин билип туруп, акча талап кылышкан.

Миграция кызматы: ушу тапта Россияга кирүүгө 118 миң КР жаранына тыюу салынган
Поезд Казакстандын аймагына жеткенде төрт жаран тең башка адамдардын колуна өткөрүп берилген. Алар талаа аркылуу чек арадан өткөрүү үчүн өзүнчө каражат сурашкан. 

Бирок кыргызстандыктар чек араны кесип бараткан маалда казак чек арачылары тарабынан кармалып, административдик камакка алынышкан. 

Чөнтөктө кокон тыйын калбагандыктан, алданган жарандар бир нече ай Казакстанда иштөөгө аргасыз болушкан. Акча менен документтин жоктугунан улам Кыргызстанга келе албай кыйналышкан жарандар январь айында гана мекенге кайтып келишти. Алар келер замат милицияга арыз менен кайрылышкан. 

Ички иштер министрлигинин тергөө бөлүмү материалды иликтөөгө алып, Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча төрт кылмыш ишин козгогон. 

Учурда тергөө иштери аяктап, иш соттун кароосуна жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0