Миграция кызматы Кыргызстанда иштей турган чет элдиктер үчүн квота бекитти

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын чек ара жайы. Архив
Кыргызстандын чек ара жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жобо квота менен бирге уруксат берүүчү документтердин тизмегин бекитип, аларды кароонун мөөнөтүн кыскартты.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанга келип иштей турган чет элдиктер үчүн 14 миң 490 кишини чегинде квота бекитилгенин Мамлекеттик миграция кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин чет элдик мигранттарды тейлөө үчүн документтерди электрондук кабыл алуу системасы ишке кирген. Мындан тышкары, чет жактан келгендердин иштөө тартиби бекитилген жобо иштелип чыгып, өкмөттүн расмий сайтына жайгаштырылган.

Заседание Савеловского суда по делу Акромана Местоева - Sputnik Кыргызстан
Москвада мигранттарга документ жасап берген КР жарандары кармалды
Мында чет элдик жумушчу күчүн пайдаланууга уруксат берүүчү документ жоюлуп, Кыргызстанда иштөө мөөнөтү 2-3 жылдан бир жылга чектелди. 

Жаңы талапка ылайык, чет элдик жарандардын ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн берген арызы 20 күнгө чейин каралып, жокко чыгаруу боюнча чечим кабыл алуунун мөөнөтү кыскарат. Мындан тышкары, арыз менен кошо берилүүчү документтердин тизмеги бекитилди.

Эскерте кетсек, былтыркы квота 12 миң 900 кишини түзгөн. Анын негизинде өлкө аймагына 83 чет мамлекеттин жараны кирген. 2015-жылдын 11 айында Кыргызстанга келип иштеген чет элдиктердин жалпы саны 12 миң 259 киши болсо, анын көбүн Кытайдан келип иштегендер түзгөн. Алардын саны 9848 кишиге жеткен. Кийинки орунду 825 киши менен Түркия ээлеген. Алдыңкы үчилтиктин катарын Кореядан келгендер (243 киши) толуктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0