Миграция кызматы: Кыргызстанда чарбалык иштерге өзбектер менен тажиктер жалданып иштешет

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүПахта чогултуп жаткан жумушчулар. Архив
Пахта чогултуп жаткан жумушчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сырттан келген жумушчулар мамлекетке салык төлөбөгөндүктөн, аларга уруксат кагазын сатып алуу системасын киргизүү каралып жатат.

БИШКЕК, 17-фев. – Sputnik. Кыргызстандын түштүгүндө чарбалык иштерге Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары жалданып иштешет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Алмазбек Асанбаев билдирди. 

Анын айтымында жарым миллион кыргызстандык Россияда, 113 миң жаран Казакстанда дагы башка бир катар өлкөлөрдө кыргыз диаспоралары бар.

Бирок, Кыргызстан жумушчу күчтү экспорттоодон сырткары импорттоп да жатат. 

"Жайкы мезгилде Тажикстан менен Өзбекстандын бир нече миң жараны өлкөнүн түштүк аймактарында талаа иштерине тартылышат. Алардын күнүмдүк эмгек акысы 200-250 сомду түзөт", — деп билдирет Асанбаев. 

Сырттан келген жумушчулар мамлекетке салык төлөбөгөндүктөн, аларга уруксат кагазын сатып алуу системасын киргизүү каралып жатат. Анын болжолдуу баасы үч миң сомду түзүшү ыктымал экенин Асанбаев кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0