Эмдиги жылы мигранттар быйылкыдан да аз акча жөнөтүшөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМосква шаарында жумушчу. Архив
Москва шаарында жумушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылдын аралыгында чет жерде иштеген мигранттардын акча которуулары 22,1 пайызга кыскарган.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Улуттук банк мигранттардан келген акча агымынын мындан ары да кыскарышын божомолдоп жатканын үстүбүздөгү жылдын үчүнчү кварталы үчүн берилген отчетто маалымдады.

Мында 2015-жылдын июль-сентябрь айларында мигранттар которгон акчанын таза агымы доллар менен алганда 32,5 пайызга азайганы айтылат. Төртүнчү кварталдын жыйынтыгында акча которуу 18 пайызга кыскарары күтүлүүдө.

Жалпы быйылкы жылы акча которуу көлөмүнүн азайышы 22,1 пайыздык өлчөмдө экени маалым болду. Финансисттер агымдын кыскарышы ички суроо-талапты жана калкын сатып алуучулук жөндөмүн төмөндөтөрүн белгилешүүдө.

Мигранттардын 2015-жылдагы акча которуулары жөнүндө Sputnik инфографикасында көрүңүз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0