Чек арадан он айда КР калкынын санынан эки эсе көп киши өткөн

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКыргызстан Казакстан чек арасында өтүп бараткан жарандар. Архив
Кыргызстан Казакстан чек арасында өтүп бараткан жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик чек арадан документи жайында болбогон 5540 адам өткөнгө аракет кылган.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Акыркы он ай аралыгында мамлекеттик чек ара аркылуу 13,5 миллионго чукул адам өткөн. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди. Бул Кыргызстан калкынын санын чогултуп алып, эки ирет ары-бери өткөргөнгө барабар сан. Учурда өлкөнүн калкынын саны алты миллионго чукул. 

Чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улак тартуу үчүн чек арадан мыйзамсыз өткөн беш тажикстандык жаран кармалды
Ал эми бир миллионго жакын унаа транспорту кирип-чыккан. Чек арачылар Кыргызстанга кирүүгө болбой турган 129 адамды артка кайтарса, документи жайында болбогон 5540 адамды өткөргөн эмес. 

Чек араны мыйзамсыз өсүп кеткен фактылар арасында мал жандыктары да кездешет. Акыркы ирет кыргыз чек арачылары Оштун "Кызыл-Жар" чек ара заставасынын аймагындагы кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынан алты топозду кытайлык кесиптештеринин колуна тапшырган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0