Тюменде кыргыз балдары өнөрүн тартуулашты

© Sputnik / Юлия Честнова / Медиабанкка өтүүТюмень шаары. Архив
Тюмень шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майрамда кыргыздар чогулуп, баарлашып, кийинки муунга үй-бүлөлүк баалуулуктар тууралуу түшүнүк-пикир алмашуу болду.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Россиянын Тюмень шаарында кыргыз диаспорасы тарабынан уюштурулган "Бактылуу балалык" аттуу балдарга арналган майрам болуп өткөнүн "Замандаш" ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Тюмень облусунда жашаган кыргыздардын башын бириктирип, анда мигранттардын балдары ата-энелерине талантын тартуулашты.

"Майрамда кыргыздар чогулуп, баарлашып, кийинки муунга үй-бүлөлүк баалуулуктар тууралуу түшүнүк берип, бактылуу балалыктын чөйрөсүн түзүүгө аракет кылдык", — деди Тюмендеги кыргыздардын "Биримдик" аттуу диаспорасынын төрайымы Канзада Сманова.

Иш-чара комузчулардын "Ибарат" жана бийчилердин "Ак шоола" менен "Байчечекей" бий топторунун өнөрү менен коштолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0