Уралда өткөн спартакиадада кыргыз диаспорасы жеңүүчү болду

Жазылуу
Катышуучулар мини-футбол, волейбол, теннис, нарда, дзюдо жана кол күрөш боюнча күч сынашкан.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Урал элдеринин Улуу Ата Мекендик согушка арналган IV спартакиадасында кыргызстандыктар биринчи орунга ээ болгонун "Замандаш" ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Свердлов облусунун аймагында жашаган улуттук диаспоралардын баары катышкан спорт мелдеши мини-футбол, волейбол, теннис, нарда, дзюдо жана кол күрөш боюнча өткөн. 

© пресс- служба Ассоциации "Замандаш"Кыргызстанцы заняли первое место в IV Спартакиаде народов Урала, посвященной 70-летию Победы в Великой Отечественной войне.
Кыргызстанцы заняли  первое место в  IV Спартакиаде  народов Урала, посвященной  70-летию Победы в Великой Отечественной войне. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанцы заняли первое место в IV Спартакиаде народов Урала, посвященной 70-летию Победы в Великой Отечественной войне.

"Спартакиадага катышкан "Кыргызстан – Урал" диаспорасы мини-футбол менен волейбол боюнча мыкты болуп, нарда мелдешинен экинчи орунду алган. Мындан улам, жалпы командалык эсеп боюнча кыргызстандык диаспора биринчи орунду ээлеген", — деп айтылат билдирүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 6-октябрында "Верх-Исетский" спорт борборунда жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0