Sputnik Кыргызстан кара тизмеден чыгуу жолдору көрсөтүлгөн маалымат баракча чыгарды

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан агенттиктик жетекчиси Елена Череменина.
Sputnik Кыргызстан агенттиктик жетекчиси Елена Череменина. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалымат баракчасы паспорт столдорунда, жарандардык абалды каттоо бөлүмдөрүндө (ЗАГС), калкты тейлөө борборлорунда, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү каттоо бөлүмдөрүндө, миграциялык өкүлчүлүктөрдө, республиканын чек араларында өткөрүү пункттарында жана Бишкек, Ош шаарларынын аэропортторунда кагаз толтуруучу жерлерде илинет.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргызстан жарандары үчүн кара тизмеден чыгуунун мыйзамдуу жолдорун түшүндүрүүчү маалымат баракчасы чыкты.

Мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кара тизмеден" 10 миң кыргызстандык мигрант чыкты
Sputnik Кыргызстан агенттиги тарабынан даярдалган баракчаларды агенттиктик жетекчиси Елена Череменина Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмазбек Асанбаевге жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Назгүл Абаковага маалымат жыйында тапшырды.

Россиянын ФМК тизмесинен чыгуу процедурасы түшүндүрүлүп, бардык зарыл документтер көрсөтүлгөн бул маалымат баракчасы паспорт столдорунда, жарандарды каттоо бөлүмдөрүндө (ЗАГС), калкты тейлөө борборлорунда, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү каттоо бөлүмдөрүндө, миграциялык өкүлчүлүктөрдө, республиканын чек араларында өткөрүү пункттарында жана Бишкек, Ош шаарларынын аэропортторунда кагаз толтуруучу жерлерде илинет. Инфографика түрүндө бул баракчаны sputnik.kg|ru.sputnik.kg сайтынан да табууга болот. 

Баракча 2000 нуска менен чыкты.

"Кыргызстан ЕАЭБдин экономикалык аймагына кошулду – бул өлкө үчүн өтө маанилүү окуя. Биздин өлкөгө жана жарандарга жаңы экономикалык биримдикте татыктуу орун ээлөөгө жардам бере турган интеграциялык процесстердин натыйжалуулугу жаңы эрежелер жөнүндө сапаттуу жана ар тараптуу маалыматтын жеткиликтүү болушуна жараша экендигин биз түшүнөбүз", — деди Череменина.

Миграция боюнча кызматкери документ текшерүү кези. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен эмгек мигранттар түрдүү сынактардан бошотулат
Маалымат жыйынынын жүрүшүндө министрдин орун басары Алмазбек Асанбаев Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган маалымат баракчасы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө маанилүү курал боло турганын белгилеп, Кыргызстандын жарандарын мыйзамсыз аракеттерден алдын ала сактоого көмөк болорун кошумчалады.

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги болуп саналат. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүүнү, мобилдүү тиркемелерди жана социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Атайын жазылгандар үчүн Sputnik күнү-түнү англис, араб, испан жана кытай тилдеринде чыгат.

Эмгек мигранттары "кара тизмеден" кантип чыга аларын Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0