"Кара тизмеден" 10 миң кыргызстандык мигрант чыкты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМигранттар. Архив
Мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 10-июлунан 1-ноябрына чейин тоскоолдуксуз чыгып/кирүү жана миграциялык тарыхын жаңылап алуу мүмкүнчүлүгүн болгону 7626 жаран пайдаланган.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстандын 10,5 миң мигранты "кара тизмеден" чыгып, Россияга кирүүгө жол ачылганын Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирет.

Россиянын федералдык миграция кызматкери документ текшерүү мезгилинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиянын кара тизмесинен 49 миңге чукул кыргызстандык чыгарылмакчы
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-августунда Санкт-Петербургда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери РФ Федералдык миграция кызматынын (ФМК) өкүлдөрү менен жолугушту. Анда буга чейин кол коюлган миграция тармагындагы келишимдердин ишке ашуу жолдору талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бүгүнкү күнгө карата ФМК тарабынан 10,5 миң Кыргызстандын жарандарына Россияга кирүүгө жол ачылганы жана жакынкы күндөрү дагы 40 миңдей жаранга Россияга кирүү мүмкүнчүлүгү берилери күтүлүп жатканы айтылды.

Мындан тышкары, 2015-жылдын 10-июлунан 1-ноябрына чейин тоскоолдуксуз чыгып/кирүү жана миграциялык тарыхын жаңылап алуу мүмкүнчүлүгүн болгону 7626 жаран пайдаланган.

"2013-жыл ичинде Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган кыргызстандык жарандар өздөрүн Федералдык миграция кызматынын расмий сайтындагы дарек боюнча текшерип алса болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азыранкулов "кара тизмедеги" жарандарга аты-жөнүн алмаштырбай туруусун эскертет
Ошол эле күнү элчиликтин консулдук кызматкерлери ЕАЭБдин чегинде ишке орношуунун шарттары, Россияга кирүүгө тыюу салынган жарандардын "кара тизмеден" чыгаруу жолдору жана Россияда жүрүүнүн мөөнөтүн бузуп, бирок акыркы таратылган маалыматтарга таянып өлкөдөн чыгып кайра кирген жарандарыбыздын мындан ары кантип мыйзамдашуу жолдору тууралуу эмгек мигранттарына түшүндүрүп беришти. 

Муну менен катар, жолугушууга келген жарандардын арасында биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек жарандардан жеке маалымат алынды.

Буга чейин Россиянын Федералдык миграция кызматынын "кара тизмесинде" 75 миң кыргызстандык мигрант катталганы белгилүү болгон.

Эмгек мигранттары "кара тизмеден" кантип чыга алат Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0