Жаңы миграциялык эрежелерди КР элчиси Уфадагы диаспорага түшүндүрүп берди

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Жунусов. Архив
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Жунусов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ала-Тоо" кыргыз маданий борборунун өкүлдөрү Кыргызстандын ЕАЭБге өтүшү менен мигранттарда көп суроолор пайда болгонун белгилешти.

БИШКЕК, 9-июль — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Жунусов Башкыртстандагы диаспоранын өкүлдөрү менен жолукканын элчиликтин маалымат кызматы билдирет.

Маалымат катчынын айтымында, "Ала-Тоо" кыргыз маданий борборунун өкүлдөрү Башкыртстандагы жашоолору тууралуу айтып берип, Кыргызстандын ЕАЭБге өтүшү менен мигранттарда көп суроолор пайда болгонун белгилешти.

"Элчи кыргызстандыктардын суроолоруна жооп берип, көйгөйлүү маселелерин угуп, РФтин миграциялык мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди", — деп айтылат билдирүүдө.

Жунусов өкүлдөрдөн Башкыртстанда жашаган башка кыргызстандыктарга жаңы миграциялык эрежелер тууралуу маалымат берүүнү өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0