Азыранкулов "кара тизмедеги" жарандарга аты-жөнүн алмаштырбай туруусун эскертет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов. Архив
Эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кара тизмеден" өтүү үчүн фамилия өзгөртүү Россиянын мыйзамына туура келбейт деди министр.

БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Федералдык миграциялык кызматынын "кара тизмесинен" өтүү үчүн өздүк маалыматтарын алмаштырган жарандарды Россия ачыкка чыгара турганын Эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов Sputnik агенттигинин түз алып көрсөтүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, ар бир жаран аты-жөнүн өзгөртүүгө укуктуу.

"Бирок "кара тизмеге" түшкөн жаран жеке маалыматтарын өзгөрткөндөн кийин кайрадан Россияга кире албай калат", — деди чиновник.

Министрдин билдирүүсүндө, мындай аракет Россиянын мыйзамына каршы келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0