БИШКЕК, 30-июнь — Sputnik. "Россия для всех" порталы өзбекстандык жана тажикстандык эмгек мигранттары үчүн өз алдынча орус тилин жана Россиянын мыйзамдарынын негизин үйрөнүү үчүн мобилдик тиркеме иштеп чыкты.
Эми Россияга келген эмгек мигранттары орус тилин жана жергиликтүү мыйзамдарды Android 1.6 операциялык системасы жана андан жогорку системаларды колдогон телефондор аркылуу бекер колдоно алышат.
"Тиркемедеги сабактарды Россиянын алдыңкы окуу жайларынын окутуучулары даярдап, мигранттардын тест тапшыруусуна ыңгайлашкан", — деп айтылат билдирүүдө.
Тиркеменин дагы бир артыкчылыгы анын мультимедиалыгында. Бардык сабактар орус тилинде жана мигранттын эне тилинде даярдалган.
Эми Кыргызстандын жарандары үчүн да тиркеме иштеп чыгуу каралууда.