ЖК комитети Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгүн Россияда ачууну жактырды

© Sputnik / Vladimir Pesnya / Медиабанкка өтүүМосква шаары. Архив
Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек миграция жана жаштар министрлигинин өкүлчүлүгүн Россияда ачуу үчүн керектеле турган 20 миллион сом мамлекеттик бюджеттен каралган.

БИШКЕК, 29 июн — Sputnik. Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети Россияда Эмгек миграция жана жаштар министрлигинин өкүлчүлүгүн  ачууну жактырганын парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Министрдин орун басары Алмаз Асанбаевдин айтымында, Кыргызстан менен Россиянын Эмгек министрликтеринин ортосунда кол коюлган келишимдин алкагында КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлчүлүгү ачылат. Аталган өкүлчүлүктүн кызматкерлери, документтер, архив бөлүмү эл аралык укук тарабынан кабыл алынган иммунитетке жана өзгөчөлүктөргө ээ болот.

"Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлчүлүгүн Россияда ачуу үчүн керектеле турган 20 миллион сом мамлекеттик бюджеттен каралды", — деди ал.

Депутаттар мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырып, эгер фракция тарабанын эч кандай эскертүүлөр болбосо, үч окууда кабыл алууну Жогорку Кеңешке сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0