Нью-Йоркто Кыргызстандагы социалдык көйгөйлөрдү чечүү чаралары тууралуу айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековДен соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген бала. Архив
Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полотова кыргыз өкмөтү ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын (ДМЧА) тең укуктарын камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

БИШКЕК, 10 июнь — Sputnik. Кыргызстандагы социалдык көйгөйлөрдү чечүү программасы Нью-Йоркто көрсөтүлгөнүн Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Майыптын отургучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Документ кагаз бетинде эле калбашы керек — Ниязалиева майыптардын укуктары жөнүндө
Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жылдыз Полотова АКШда өткөн БУУнун майыптар укугу Конвенциясына мүчө мамлекеттердин конференциясынын 8-сессиясына Кыргызстандын атынан катышты.

Конференцияда жакырчылыкты жоюуда майыптардын эсебин алуу, аялдар менен кыздардын абалы, балдардын билим алууга укугу, табигый кырсыктар жана гуманитардык каатчылык сыяктуу маселелер талкууланды.

Полотова кыргыз өкмөтү ДМЧА тең укуктуулугун камсыздоо боюнча көрүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Кыргызстан майыптардын укугу тууралуу конвецияга 2011-жылы кол койгон. 

"Биздин өлкө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өзгөчөлүгүн сыйлоо жана алардын тең укуктарын камсыздоо туурасындагы конвенциянын принциптерин толугу менен колдойт", — деди министрдин орун басары.

Полотова министрлик мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Кыргызстандын жарандык, экономикалык жана маданий турмушуна жигердүү катышуусун камсыздоо үстүндө иштеп жатканын белгиледи.

"Бул үчүн министрлик тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ыңгайлаштырууга жана коомчулукту гумандаштырууга багытталган программа иштелип чыккан", — деди ал.

Кыргыз делегациясынын программасында ДМЧА кызмат көрсөтүү борборлоруна баруу, Бейөкмот уюмдар менен жолугушуу каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0