Кореядагы кыргыз жаран: MERS вирусунан кооптонуп жашап жатабыз

© AFP / JUNG YEON-JEТүштүк Кореялык оорукананын маскачан сакчылары Сеул Улуттук госпиталдын алдында. Архив
Түштүк Кореялык оорукананын маскачан сакчылары Сеул Улуттук госпиталдын алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вирустун очогу Кеңгидо провинциясы болуп, ооругандар ошол аймактан чыгып жатат. Өлкөдө массалык маалымат каражаттарында оору жана андан сактануу туурасында маалыматтар байма-айтылууда деди Азима Акунова.

БИШКЕК, 5-июнь — Sputnik. Түштүк Кореядагы жашап жана иштеп жаткан кыргызстандыктардын арасында аталган өлкөдө жайылып жаткан MERS вирусун жугузуп алгандар жок. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Медицина офистеринде жумуш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түштүк Кореяда вирус жуктуруп алгандардын саны 18ге жетти
Учурда Түштүк Кореяда жашоого кооптуу жакынкы чыгыш респиратордук синдром коронавирус (БВРС-КоВ/MERS) жуктуруп алган адамдардын саны дүйшөмбү күндөгү маалымат боюнча отуздан ашты. Бул күнү аталган вирустан эки адам көз жумду. Ал эми карантинге алынгандардын саны 1300гө чукулдап калды.

Кореянын Кимпо шаарында жашап жаткан Азима Акунова учурда өлкөдө алдын алуу, сактануу эрежелерин сактап, бет кап кийип жүрүшкөндүгүн айтты.

"Вирустун очогу Кеңгидо провинциясы болуп, ооругандар ошол аймактан катталып жатат. Өлкөдө массалык маалымат каражаттарында оору жана андан сактануу туурасында маалыматтар байма-айтылууда. Иштегендер, көчөгө чыккандар бет кап кийип жүрүшөт. Албетте, анан эл чогулган жерлерге аз барганга аракет кылып жатабыз. Учурда көптөгөн мектептерде окуу токтотулду ", — деди Акунова. 

Вирус сасык тумоо сыяктуу аба аркылуу жугат. Дартка кабылгандар дене табы ысып, жөтөлүп, күйүгөт, бирок бул белгилер вирустун белгилери экени так аныктала элек. Учурда коронавируска каршы вакцина жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0