Мигранттар ЕАЭБ алкагында ишке орношуу жана орун которуунун жолдорун билгиси келет

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМиграция боюнча кызматкер документ текшерип жатат. Архив
Миграция боюнча кызматкер документ текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Миграциялык мыйзамдын өзгөргөнү туурасында кабары жок мигранттар "кара тизмеге" кирип жатышат.

БИШКЕК, 4 июнь — Sputnik. Мигранттар ЕАЭБ алкагында ишке орношуу жана орун которуунун жолдорун, ошондой эле Россияда жүрүү жана ишке орношуу эрежелерин түшүндүрүп берүүнү суранып жатышканын "Замандаш" ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди.

Уюм тийиштүү мамлекеттик органдарга ЕАЭСдеги нормалар жана эрежелер тууралуу калкка маалымат берүү иш-аракеттерин күчөтүү өтүнүчү менен кайрылган. 

"Мигранттардын көбү миграциялык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенин билбегендиктен, "кара тизмеге" кирип калып жатышат", — дейт ассоциациянын өнүктүрүү боюнча менеджери Наргиза Дүйшөнбаева.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө аталган маселелер тууралуу маалымат абдан аз. Андыктан ЕАЭБдин ченемдерин жана эрежелерин түшүндүрүү боюнча маалыматтык ири кампания зарыл.

"Кыргызстандын жарандарын "кара тизмеден" чыгаруу зарылдыгы боюнча мамлекеттик органдарга бир нече ирет кайрылганбыз. Бирок андан эч кандай жыйынтык болгон жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Ассоциация Россиядагы мекендештердин атынан "кара тизмедеги" мигранттардын көйгөйүн чечүүдө бекем позициясын көрсөткөн президент жана өкмөт башчысына ыраазычылык билдирет.

"Өлкө жетекчилигинин "кара тизме" көйгөйүн жеке көзөмөлгө алышы мекендештерге түзүлгөн кырдаалдан тез арада чыгууга үмүт берет", — деп белгиленет билдирүүдө. 

Кайрылууда ар бир кыргызстандык үй-бүлөнүн Россияда иштеп жүргөн тууганы бар экенин, тилекке каршы, алардын көбүнө Россияга кирүүгө тыюу салынганы айтылат. Алардын ичинде Россия аймагында мыйзамдуу иш алып барууга ниеттенген, орус тилин билген ар улуттун өкүлдөрү бар экендиги белгиленүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0