Спикер Жээнбеков: ЕАЭБге кирүү кара тизме көйгөйүн жеңилдетет

© Sputnik / Андрей Александров / Медиабанкка өтүүЧек ара кызматкери мөөр коюсу. Архив
Чек ара кызматкери мөөр коюсу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз мигранттарынын кара тизме боюнча жагдайын жеңилдетүү боюнча Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңеши карай тургандыгын ЖК спикери билдирди.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жетектеген депутаттар делегациясы Москвадагы шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууда башка маселелер менен катар эле ЕАЭБге кирүү, миграция боюнча суроосу көтөрүлдү.

Спикер Жээнбеков алгач Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине кошулушуна токтолуп, бул процесс оңойго турбагандыгын, эң башкысы — кыргыз бийлиги улуттук кызыкчылыгын коргой алгандыгын айтты.

"Келишим ЕАЭБдин курамындагы мамлекеттерде ратификациядан өткөн соң күчүнө кирет. Анын натыйжасында, ЕАЭБдин курамындагы мамлекеттердин ортосундагы экономикалык мамиле мындан да жакшырат. Миграцияга байланышкан маселелерди чечүү жеңилдейт. Эмгек мигранттары Россиянын жараны сыяктуу эле социалдык, медициналык жактан камсыздалат", — деди Жээнбеков.

Жолугушуунун жүрүшүндө кара тизме көйгөйү кандай чечилээрин сурашты. Төрага Жээнбеков бул маселени Россиянын Федералдык Жыйынынын Мамдумасынын төрагасы Сергей Нарышкин жана Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен болгон жолугушууларда талкуулаганын маалымдады. 

"Матвиенко маселени туура чечүү жагын карап чыгууну Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетине тапшырып, биргелешип оң жыйынтыкка жетишээрибизди билдирди. Россиялык кесиптештерим бул маселени жеке көзөмөлүнө алууга убада беришти", — деди Жээнбеков.

Акыркы маалыматтарга караганда, Россияда иштеп жүргөндөрдүн ичинен 75 миң кыргызстандык жаран Россиянын Федералдык миграция кызматынын кара тизмесинде турат. Ал эми бир катар депутаттар бул тизме 100 миң адамга чукулдап баргандыгын айтып, бул маселени ЕАЭБ алкагында чечүү маселесин көтөрүп келишет. 

Эмгек мигранттары "кара тизмеден" кантип чыга алашын sputnik инфографигинен көрө аласыздар>>>

Жаңылыктар түрмөгү
0