Мигранттар которуп жаткан акчалардын көлөмү кескин кыскарды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүМосква шаарындагы мигранттар. Архив
Москва шаарындагы мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылы мигранттар Россиядан Кыргызстанга 2,17 миллиард АКШ долларын которушкан.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Үстүдөгү жылдын алгачкы төрт айынын жыйынтыгы боюнча миранттардын Кыргызстанга которгон акчаларынын көлөмү 37 пайызга кыскарганы жөнүндө Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйында билдирди.

Өткөн жылы мигранттардын Россиядан Кыргызстанга которгон акчаларынын жалпы саны 2,17 миллиард АКШ долларын түзгөн.

Абдыгуловдун айтымында, эл аралык акча которуулардын 97 пайызын рубль түзөт. 

"Рубль менен которулган акчалардын саны көтөрүлүп, бирок доллар түрүндө келип жаткан которуулардын көлөмү кыскарды. Бул өткөн жылы рублдун куну түшкөндүгүнө байланыштуу. Акча которуулар боюнча алдын ала божомодоп бир нерсе айтуу азырынча эрте. Баары биздин жарандардын канчасы башка өлкөлөргө акча тапканы кетерине жараша болот", — деди ал, бирок акыркы төрт айдагы акча которуулардын көлөмүн так атаган жок. 

Улуттук банк жөнүндөгү мыйзам ББнын талаптарына ылайыкташтырылууда
Улуттук банктын жетекчиси Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусуна байланыштуу акча которуулардын көлөмү өсүшү ыктымал экенин, себеби көпчүлүк жарандар эмгек акысы жогору иштерге орношо алышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Россия, Белоруссия жана Казакстан 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кол коюшуп, ал 2015-жылдын 1-январында күчүнө кирген. Экинчи январда ЕАЭБга Армения кошулду. Ал эми 8-майда Евразиялык экономикалык биримдиктин саммитинде Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу тууралуу акыркы документтерге кол коюлду.

Кыргыз мигранттарынын акча агымдарын sputnik сайтынын инфографикасынан көрө аласыздар>>>

Жаңылыктар түрмөгү
0