Чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспоралары Жеңиштин 70 жылдыгын ар башка кылып белгилешти

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүү"Өлбөс полк" акциясы. Архив
Өлбөс полк акциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын ар түрдүү шаарларындагы кыргызстандыктар Улуу Ата мекендик согушта курман болгон жоокерлердин эстеликтерине гүл коюп, "Өлбөс полк" акциясына катышты жана спорт мелдештерин өткөрүштү.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспоралары Жеңиштин 70 жылдыгын ар башка кылып белгилешти деп билдирет "Замандаш" ассоциациясынын маалымат кызматынан.

КР мигранттары Хабаровскидеги волейбол боюнча мелдеште коло медаль алышты
Якутиядагы "Манас" кыргыз диаспорасы ар түрдүү улуттардын жана дин өкүлдөрү менен бирге Жеңиш аянтындагы согуш каармандарынын эстелигине гүл коюшту.

Андан соң биздин мекендештер Якутскинин бардык борбордук көчөлөрүн кучагына алган бүткүл россиялык "Өлбөс полк" акциясына катышты. Аталган иш-чара Россиянын бардык жерлеринде жана КМШ өлкөлөрүндө өттү. 

8-майда Ростове-на-Дону шаарында жашоочу кыргызстандыктар "Каарман жоокерге" мемориалынын ачылышына катышты. Кыргызстандыктар Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу Калы Исмаиловдун уулун тосуп алышты. Эстеликти ачуу аземинен кийин салтанаттын катышуучулары Дон суусундагы кемеге түштү. Майрамдык иш-чарага шаардын мэри жана Ростовдо жашоочу диаспоралардын өкүлдөрү катышты.

9-майда диаспора мүчөлөрү жана Калы Исмаиловдун жакындары жердешибиздин жаркын элесин эскерип, анын көрүстөнүнө гүл коюп, аза күтүү мөнөтүн өткөрүштү. "Кыргызстан-Дон" кыргыз диаспорасынын төрагасы Курманбек Абдылдаевдин айтымында, Романовка айылында баатырлардын сөөктөрү коюлган мүрзөдөгү эстелик таштын бетинен кыргызстандык беш жоокердин аттары жазылган.

Красноярскиде Жеңиш күнүнө карата салтка айланган Манас кубогу үчүн спорт таймашы өттү. Иш-чара "Бүткүл дүйнөдө тынчтык үчүн!" деген маанайда шарларды асманга коё берүү менен бүттү. 

Хабаровск шаарындагы кыргыздар өчпөс отту ачуу салтанатына катышты
11-майда Хабаровскиде КРдин Ыраакы Чыгыштагы Ардактуу консулунун кубогу жана Хабаровск аймагынын өкмөттүк байгеси үчүн улуттук диаспоралардын волейбол боюнча эркек командаларынын арасындагы "Кызматташтык" эл аралык таймашы болду. Ага катышкан кыргызстандыктар байгелүү орунга жетти. 

Мекендештердин Кытайдагы Коомдук бирикмеси өлкөнүн ар кайсы шаарларында "Жеңиш үчүн рахмат!" деп аталган флешмоб өткөрүштү. Бул иш-чара чет мамлекеттерде жашаган бардык кыргызстандыктарга, ата-бабаларыбыздын эрдигине таазим иретинде болду. Кыргызстандык студенттер менен мекендештер жылуу ыраазычылыктарын билидрген флешмобдордон кийин ар түрдүү шаарларда тынчтыктын белгиси катары асманга шарлар коё берилди. 

Ошондой эле Тюмень, Красноярск, Пермь, Москва, Екатеринбург, Канск жана башка шаарларда жашоочу кыргыздар Улуу Жеңиш күнү белгилөө салтанаттарына активдүү катышып, салтанаттуу параддарга чыгып, согушка катышкан өз жакындарынын сүрөттөрүн колго алып "Өлбөс полктун" катарына кошулушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0