Дүйнөнүн 23 өлкөсүндөгү КР мигранттары биометрикалык маалыматтарын тапшырууда

Жазылуу
Биометрикалык маалыматтарды кабыл алуу үчүн Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине 30 жабдуу жиберилген. 2014-жылдын декабрынан ушул жылдын март айына чейин КРдин 5 789 атуулу өз маалыматтарын тапшырган.

БИШКЕК, 6 апр — Sputnik. Дүйнөнүн 23 өлкөсүндөгү КР мигранттары биометрикалык маалыматтарын тапшырып жатышат деп билдирди Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы. 

Билдирүүдө сыртта жүргөн мекендештер биометрикалык маалыматын тапшырууну улантып жаткандыгы айтылат.

"ТИМдин маалыматына караганда, 2014-жылдын декабрынан ушул жылдын март айына чейин дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү КРдин элчиликтери менен консулдуктарында КРдин 5 789 жараны биометрикалык маалыматтарын тапшырган", — деп белгиленген анда. 

Екатеринбургдагы кыргызстандыктар биометрикалык маалыматын активдүү тапшырышты
Биометрикалык маалыматтарды кабыл алуу үчүн Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине жалпысынан 30 жабдык жиберилген. Анын ичинен Москвага 4, Екатеринбургга  2, Новосибирскиге – 2, Алматыга – 3, Түркиянын Анкара менен Стамбул шаарларына 2 жабдуу жиберилген. 

Жабдуулар Сауд Аравия падышалыгындагы, Кореядагы, Бириккен Араб Эмирлигиндеги, Өзбекстандагы, Түркмөнстандагы, Афганистандагы, Кытайдагы, Пакистандагы, Ирандагы, Тажикстандагы, Кувейттеги, Бельгия Королдугундагы, Германиядагы, Австриядагы, Индия жана Япониядагы элчиликтер менен консулдуктарда да орнотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0