АКШдагы кыргыз балдар үчүн "Алиппе" чыкты

© Фото / Диля Юсупова"Алиппе" китеби
Алиппе китеби - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
300 тираж менен жарык көргөн китеп АКШдагы кыргыз тилдүү мигранттарга таратылат.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. АКШда жашап жаткан кыргызстандыктардын балдары үчүн кыргыз тилин үйрөтүүгө багытталган "Алиппе" жарык көргөнүн долбоордун автору Зарина Сахидинова билдирди.

Анын айтымында, 300 тираж менен чыккан бул китеп, көп жылдардан бери АКШда жашап жаткан кыргызстандыктардын балдарына ыңгайлаштырылган.

"Азыр өз тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон чет жерде жашаган кыргызстандыктар көбөйдү. Аларды дайыма башка элдин маданияты, салты курчап турат. Андыктан алардын мекени, тили менен болгон байланышы абдан маанилүү", — деди ал.

"Алиппеге" кыргыздардын салттары жана Кыргызстан жөнүндө кыска маалыматтар камтылган.

Сахидинова бул китепти Россия жана башка чет мамлекеттерде жашаган кыргызстандык мигранттар арасында таратуу да пландалып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0