Бишкек — Томск автобус каттамы жаңыланды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүАрхив: автобус
Архив: автобус - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыркы жылдын 13-декабрында "аба ырайынан жана жүргүнчүлөрдүн аздыгынан" токтоп калган Бишкек — Томск автобус каттамы кайрадан жаңыланды.

БИШКЕК, 30-янв — Sputnik. "Бишкек — Томск автобус каттамы кайрадан жаңыланды", — деп билдирди Sputnik агенттигинин маалыматынын кабарчысына Транспорт жана коммуникация министрлигинин Автомобиль жана сууда сүзүүчү транспорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары РамаЙнкул Тагаев.

Анын айтымында, каттам былтыркы жылдын 13-декабрында "аба ырайынан жана жүргүнчүлөрдүн аздыгынан" токтоп калган. 

"Элди "РоссТрансАзия" ЖЧКсы ташууда. Автобус 23-январдан тарта саат 10:00до Бишкектен Томск шаарына аптасына бир ирет каттап жатат", — деди Тагаев. 

Батыш автобекетинин сурап-билүү бөлүмүнөн, Томск шаарына билеттин баасы 3 630 сом турарын кабарлашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0