Кыргызстандын улуттук үлгүдөгү айдоочу күбөлүгү Россияда таанылбай жатат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүАрхив: Кыргызстандын улуттук үлгүдөгү айдоочу күбөлүгү Россияда таанылбай жатат
Архив: Кыргызстандын улуттук үлгүдөгү айдоочу күбөлүгү Россияда таанылбай жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда берилген улуттук үлгүдөгү айдоочу күбөлүгү Россияда таанылбай жатканын мигранттар айтышса, Кыргызстандын тийиштүү органдары эл аралык үлгүдөгү күбөлүк алуу керектигин сунушташууда.

БИШКЕК, 27-янв — Sputnik. Кыргызстанда берилген улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн жарактуу мөөнөтү белгиленбегендиктен Россияда автоунаа менен эл ташып иштеген кыргызстандык жарандар кыйналып жатат. Бул туурасында биздин кабарчыга Россиянын Москва шаарында иштеп жүргөн Мырзабек аттуу жаран тастыктады.

"Кыргызстандан берген улуттук үлгүдөгү айдоочу күбөлүктөр менен учурда Россияда иштөө бир топ кыйынчылыктарды жаратууда. Эл аралык конвенцияга ылайык, 2011-жылдын 29-марттан баштап айдоочу күбөлүгүндө анын жарактуу мөөнөтү жазылышы керек экен. КМШ мамлекеттеринен келип автоунаа айдап иштеп жүргөн жарандардын көбүнүн айдоочу күбөлүктөрүндө жарактуу мөөнөтү жазылбаптыр. Россиянын өзүнүн айдоочу күбөлүктөрүндө анын жарактуу мөөнөтү көрсөтүлгөн", — деди Мырзабек аттуу жаран.

Мындай айдоочулук күбөлүк менен автоунаа башкарып жүрүп кармалган жарандарга 5 миң рублдан 15 миң рублга чейин айып салынат. Мырзабек Россиянын укук коргоо органдарынын бардык эле кызматкерлери айдоочу күбөлүктүн жарактуу мөөнөтүн карай бербей тургандыгын кошумчалады.

"Муну кээ бир полиция кызматкерлери билсе, кээси бири билбейт экен. Мени тоскон бир полиция айдоочу күбөлүктүн жарактуу мөөнөтүн сурады, андан кийин тоскону сураган жок", — деди ал.

Мырзабектин айтымында, эгер полицияга кармалып калса, анын машакаты көп. Айып салганы аз келгенсип, автоунааны унаа токтотуучу жайга алып барып коюшу мүмкүн. Ал жакка алып кетсе, эвакуаторго, унаа токтотуучу жайга кеткен чыгымды анын ээси төлөйт. 

Ойдо жок чыгымдарга кептелбеш үчүн Кыргызстанга келип, мөөнөтү көрсөтүлгөн айдоочу күбөлүктөрдү алгандар бар экендигин кошумчалады. 

Кыргызстанда берилген эл аралык үлгүдөгү айдоочу күбөлүктөрү Россияда жарайт

Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт жана айдоочулук курамды каттоону көзөмөлдөө департаментинин бөлүм башчысы Нуралы Пакировдун айтымында, бизде берилген эл аралык үлгүдөгү айдоочу күбөлүктөрү Россияда жарамдуу.

"Биз Россияда жарай турган эл аралык үлгүдөгү айдоочу күбөлүктөрдү 3 жылдык мөөнөт менен берип жатабыз. Бул айдоочу күбөлүгү улуттук үлгүдөгү айдоочу күбөлүк менен гана жарактуу болуп саналат. Аны 7,5 еврга жасатып алса болот", — деди Пакиров.

Россияда иштеп жүргөн Мырзабек 2015-жылдын июнь айынан баштап Россиянын аймагында айдоочулук кылып иштегендер Россиянын айдоочу күбөлүктөрүн алыш керек деген талап коюлуп жатканын кошумчалады.

Россияда айдоочу болуп иштейм дегендер Россиянын айдоочу күбөлүгүн алышы керек

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукееванын Sputnik сайтына берген маалыматы боюнча, Россия өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-октябрында кабыл алган "Транспорттук каражаттарды айдоого укук берүү жөнүндөгү" токтому 2014-жылдын ноябрь айында күчүнө кирген. Ага ылайык, Россиянын аймагында машина айдап жүргөн чет элдик жарандардын, анын ичинен бир катар КМШ мамлекетинин жарандары үчүн айдоочу күбөлүктөрүн алмаштыруусу милдеттүү юридикалык процедура болуп саналат.

Мырзабектин айтымында, Россиянын өзүнүн айдоочу күбөлүгүн алуу болжол менен 50 миң сомго чейин барат.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги берген маалыматка ылайык, КМШ мамлекеттеринен келген жарандардын ишкердиги машина айдоо менен байланышкан болсо, алар сөзсүз түрдө россиянын айдоочу күбөлүгүн алышы керек. 2013-жылы Федералдык мыйзамга кирген өзгөртүүгө ылайык, чет элдик жарандар Россиянын күбөлүгүн албай туруп, айдоочу болуп иштей албайт.

Федералдык мыйзамга алгачкы өзгөртүү 2013-жылдын ноябрь айында киргизилген. Кийин айдоочу күбөлүктү алуу мөөнөтүн 2014-жылдын май айына чейин узартышкан. Россиянын айдоочу күбөлүгүн 2015-жылдын июнь айына чейин милдеттүү түрдө алуу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0