21:36 03 Бештин айы 2016
Түз эфир
Рейд УФМС по выявлению нелегальных мигрантов

ФМК: рублдин туруксуз абалы мигранттардын Россияга келүүсүн азайтпайт

© Sputnik / Виталий Аньков
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
Бир миллионго жакын КР жараны эмгек миграциясында экени айтылат (21)
28 0 0

Рублдин абалынын олку-солку болушу Россияга келип жаткан эмгек мигранттарынын санын азайтпайт. Анткени рублдин эмгек мигранттары келген мамлекеттин валютасына болгон катышы пропорцианалдуу экенин Россиянын Федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромодановский билдирди.

БИШКЕК, 24-дек — Sputnik. Рублдин абалынын олку-солку болушу Россияга келип жаткан эмгек мигранттарынын санын азайтпайт. Анткени рублдин эмгек мигранттары келген мамлекеттин валютасына болгон катышы пропорцианалдуу экенин Россиянын Федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромодановский билдиргенин РИА Новости маалымдады.

"Биз рублдин долларга болгон катышынын өзгөрүүсүн көрүп жатабыз. Бирок, мигранттар көп келген Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын улуттук валюталарына болгон рублдин катышы пропорцианалдуу. Ушундан улам Россия чет элдик эмгек мигранттар үчүн анчейин кызыктуу болбой калат деп айтууга болот", — деген пикирин Ромодановский "Российская газетасына" билдирген.

Ал эмгек мигранттары өз мекенине Жаңы жылды тосуу үчүн кетип жатышат деп билдирди.  


Тема:
Бир миллионго жакын КР жараны эмгек миграциясында экени айтылат (21)

Тема боюнча

ФМК: 1, 5 жылда мигранттардын жасалма документтери эки эсе азайган
ЖМК: эмгек мигранттары ФМКнын сайтынан жумуш тандай алышат
Мигрант: Кыргызстанга салган акчаларыбыздын берекеси кетти
Белгилер:
ФМК, Константин Ромодановский, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ