12:08 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Прибытие поезда Ташкент-Москва

Чет өлкөлөрдө бир миллионго жакын кыргызстандыктар иштеп жүрөт

© Sputnik / Алексей Филиппов
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
54 0 0

Мигранттардын маселесин талкуулаган жыйында бир катар уюмдардын өкүлдөрү өкмөттүн бул жаатта алып барып жаткан ишин сындады.

БИШКЕК, 19-дек — Sputnik. Кыргызстандагы Миграциялык маселелер боюнча жасалган иликтөөнүн жыйынтыгы чыгарылып, талкууга коюлду. Иш-чараны Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жана бир нече бейөкмөт уюмдар биригелешип уюштурду. 

Өлкөнүн эмгек рыногунда жумушчу күчтөрү ашыкча, тагыраагы жыл сайын ишке жарактуу болгон 70 миңдей жаштар менен толукталып турат. Андыктан, сыртка иш издеп чыккандардын агымы үзүлбөйт. Учурда сыртта иштеп жүргөн биздин мекендештердин саны Россияда, Казакстанда, Бириккен Араб Эмираттарында, Түркияда, Түштүк Кореяда башка өлкөлөргө салыштырмалуу көп. 

Иш-чарада доклад жасаган Эмгек, жаштар жана миграция министринин орун басары Доскул Бекмырзаев чет өлкөлөрдө бир миллионго жакын кыргызстандыктар иштеп-жашап жүргөндүгүн билдирди. 

Ал мигранттардын укугун коргоо боюнча бир нече мамлекеттердин өкмөттөрү менен иш алып барып жаткандыгын айтты. Бекмырзаев министрдин дайындалбагандыгынан улам, миграция жаатындагы эл аралык келишимге кол коюлбай тургандыгын кошумчалады. 

"Россия аймагында иштөөгө шарттарды түзгөн эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы "Атайын топтоп уюштурулган документтер жыйнагы" деп аталган Келишимди иштеп чыгып, даярдап койдук. Россия тарап аталган Келишимге кол коюуга даяр экендигин билдирген нота жиберди, бирок, биздеги кадрдык өзгөрүүлөрдөн улам (Эмгек, жаштар жана миграция министри дайындала электигинен – ред.), бул маселе Кыргызстан тараптан токтоп турат", — деди Эмгек, жаштар жана миграция министринин орун басары Доскул Бекмырзаев. 

Талкууга катышкан бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү өкмөттүн мигранттардын укугун коргоо боюнча жетиштүү түрдө иш алып барбай жаткандыгын сындады.

Өкмөт мигранттар которгон акчаны санап отура бербей, мигранттар иштеп жаткан өлкөлөрдө алардын бузулуп жаткан укугу боюнча катаал жана принципиалдуу мамилелерди жасашы керек деген пикирлер айтылды.

Белгилер:
Доскул Бекмырзаев, Түштүк Корея, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Казакстан, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ