07:56 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Прибытие поездов из Средней Азии в Москву

Быйыл мигранттардын өлүмү көп катталган

© Sputnik / Илья Питалев
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
60 0 0

Миграция боюнча эл аралык уюм бүгүн Бишкекте каза болгон кыргызстандык мигранттарды эскерген акция өткөрөт.

БИШКЕК, 18-дек — Sputnik. Миграция боюнча эл аралык уюм 2014-жылы дүйнө боюнча мигранттар көп каза болгондугун билдирди.

Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, 2013-2014-жылдары Кыргызстанга сырттан 404 сөөк келген. 

18-декабрда Мигранттардын Эл аралык Күнү белгиленип жатат. Бул датанын алкагында быйыл глобалдуу көйгөйгө-дүйнө боюнча каза болгон миңдеген мигранттардын өлүмүнө көңүл бурулат. 

Бүгүн Бишкектеги Эски аянтта Миграция боюнча эл аралык уюм бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, студенттер менен биргеликте каза болгон кыргызстандык мигранттарды эскерген акция өткөрөт.

Асманга кызыл жана ак түстөгү 650 шар учурулуп, бул эки жыл аралыгында чет жактарда каза болгон мигранттардын элесине арналат.

Тема боюнча

ЖК комитети ички мигранттардын балдары боюнча өкмөткө тапшырма берди
Бактыбек Аманбаев: 2015-жылы мигранттардын укугун коргоо иштерин күчөтөбүз
Белгилер:
Мигранттардын Эл аралык Күнү, Миграция боюнча эл аралык уюм, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ