Мамлекеттик Дума миграциялык тартипти бузгандык үчүн он жылдык тыюу салууну киргизди

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүАрхив: Москва шаарындагы ФМКнын текшерүүсү
Архив: Москва шаарындагы ФМКнын текшерүүсү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда белгиленген мөөнөтүнөн алты ай ашык жүргөн мигранттар үчүн өлкөгө кирүүгө беш жылга, тогуз ай ашык жүргөндөр үчүн он жылга тыюу салынат.

БИШКЕК, 17-дек — Sputnik. Мамлекеттик Дума үчүнчү жолку, акыркы окулушунда Россияда жүрүүгө уруксат берилген мөөнөтүн бузуп, тогуз ай ашык жүрүп алган чет элдиктер үчүн өлкөгө кирүүгө он жылга тыюу салынган мыйзамды кабыл алды деп билдирет РИА Новости.

Россия өз аймагынан алты мигрантты чыгарып жиберди
Мигранттардын катышуусунда болгон коомдо катуу талкуу жараткан бир нече окуялардан кийин Россияда миграциялык мыйзам жакшыртылып, аны бузгандык үчүн жаза күчөтүлдү. Атап айтканда, визасыз мигранттар үчүн РФте жүрүүнүн "шенген форматы" киргизилди (ар бир жарым жылда үч айдан ашык эмес). Себеби мурдагы "катары менен үч айдан көп эмес" тартиби чет элдиктерге Россияда каалашынча жүрүүгө мүмкүнчүлүк берип келген. Ал үчүн болгону өлкөдөн бир күнгө чыгып кетип, күн эсебин кайрадан баштоо жетиштүү болгон. Эми жаңы тартипти бузуу айып төлөөлөргө жана РФке үч жылга чейин кирүү мүмкүнчүлүгүн жоготууга алып келет. 

Белгиленген мөөнөтүнөн алты ай ашык жүргөндөргө беш жыл, ал эми тогуз ай ашык жүргөндөргө он жыл бою өлкөгө кирүүгө тыюу салынат. 

Мыйзамга карата берилген түшүндүрмөдө авторлор президенттин 2013-жылы Федералдык жыйынга жиберген катында миграциялык тартипти бузгандык үчүн жазаны ажыратып карап, үч жылдан он жылга чейин өлкөгө кирүүгө тыюу салууну сунуштагандыгын эске салышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0