Россиядан он жети таштанды бала Кыргызстанга кайтарылды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүАрхив: ымыркай
Архив: ымыркай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата-энеси баш тартып, таштап кеткен балдар Россияда, тагыраак айтканда, Москвада жана Москванын тегерегинде экен.

БИШКЕК, 11-дек — Sputnik. Бир жыл ичинде Кыргызстанга Россиядан 17 бала алып келинди, деп билдирет социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев.

Анын айтымында, 2013-жылы ата-энеси таштап кеткен балдар бир нече ай бою Россияда, тактап айтканда, Москвада жана Москвага жакын жерде болушкан. 

"Москвада жана Москванын тегерегинде ата-энеси таштап кеткен бир да ымыркай төрөт үйүндө бир же бир жарым айдан ашык калтырылган жок. Мындай фактылар болгон учурда биздин кызматкерлер Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү менен бирге дароо ал жакка жөнөп жатышты", — деди министр.

Базарбаев Россиянын башка аймактарындагы жетимдерди да репатриациялоо боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0