02:15 08 Бештин айы 2016
Түз эфир
Мужчина с тачкой возле Ошского рынка

Борбор калаадагы эмгек рыногун изилдеген иликтөөнүн жыйынтыгы чыгарылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков.
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
7610

Сентябрь-ноябрь айларында Бишкек шаарындагы эмгек рыногу иликтенген.

БИШКЕК, 10-дек — Sputnik. 2014-жылдын сентябрь-ноябрь айларында шаардагы эмгек рыногу иликтөөгө алынып, анын жыйынтыктары атайын кереге кеңеште маалымдалды.

Иликтөөгө 280 ишкана жана 17 жаштан 60 жашка чейинки жумуш издеп жүргөн 520 киши катышкан. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалыматына ылайык, бул изилдөө жергиликтүү эмгек рыногундагы талаптар менен сунуштарды канааттандыруу максатында жасалган.

"Бул иликтөөнүн жыйынтыктары ишке орноштуруу кызматтарынын жумуш издеген адамдарды иш менен камсыздоосуна жана жумуш берүүчүлөрдүн өздөрүнө кызматкерлерди таап алуусун жеңилдетет", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаарында 945 миң киши жашайт. Ички мигранттардын борбор калаага болгон агымы да көп. Ошол эле учурда сыртка чыгып кеткен славян улутундагылардын саны да өсүүдө. Экономикалык активдүү жарандар – 432 миң киши, жумуш менен камсыз болгондордун саны 391,3 миң. Ошентип, жумуш менен камсыз болгондордун деңгээли 57,8 пайызды түзгөн. Шаардык кызматтарда жумуш издеп каттоого турган 10,1 миң жаран бар.

Тема боюнча

Бишкекте дүлөйлөр үчүн сурдокотормочулук боюнча тренинг өтүүдө
КР жана РФ пенсияларды туруктуу жашаган жерге которуп бермекчи
Диндин мигранттарга тийгизген таасири боюнча Москвада талкуу болду
Россия өз аймагынан алты мигрантты чыгарып жиберди
Белгилер:
эмгек рыногу, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ