КР жана РФ пенсияларды туруктуу жашаган жерге которуп бермекчи

Жазылуу
Россия менен Кыргызстандын ортосунда мигранттарды социалдык жактан камсыздандыруу боюнча келишимге кол коюлмакчы.

БИШКЕК, 8 дек — Sputnik. Социалдык фонддун төрагасы Мукамбеткалый Абулгазиев, Кыргызстан менен Россия социалдык камсыздандыруу жаатында келишимге кол коюуга камданып жаткандыгын билдирди. Бул туурасында аталган ведомствонун басма сөз кызматынан маалымдашты.

Анын айтымында, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-Орус өкмөттөр аралык комиссиясынын чечими менен КРдин Соцфонду РФтин Социалдык коргоо жана эмгек министрлиги менен биргелешип, аталган келишимдин долбоорун даярдайт.

Келишимде жарандардын пенсиясын (жөлөк пулун) жашаган жерине пропорционалдык принцип менен которуп берүү каралган. Ар бир мамлекет өзүнүн аймагында жашап-иштеген жылдарына карата эсептеп жана чектеп бериши керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0