04:57 24 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Лонгрид

Кыргызстандын облустары бийкечтердин бейнеси менен

Кыскача шилтеме алуу
351 0 0

Нарын деген кызды элестете аласызбы? Ош деген селкиничи? Sputnik Кыргызстан стилисттер Ирина Федоренко, Елена Редько жана Марлес Устабаев менен бирге кыздарды Кыргызстандын эң бөтөнчө картасына айландырды.

Тапшырма мындай болду: карамагыңызда жети кыз, боёк-упа жана Кыргызстанын жети облусу бар. Моделдердин ар бири бирден аймакты элестетиши керек. Албетте, Ысык-Көл облусун кандай кылып беришти баары билет: деңиздей көк түс жана ак көбүктүү толкундар болсо жетет. 

Ал эми Таластын же Нарындын өзгөчөлүгүн кантип бересиз? Иш жүзүндө баары ойлогондой жеңил болгон жок. Sputnik Кыргызстан агенттигинин балдары менен стилисттер идеяны ишке ашыруу үчүн бир топ баш катырышты. 

Ар бир кыз менен иштөөгө төрт сааттан жети саатка чейин убакыт кетти. Мындай катаал чыгармачыл толгонуулардын натыйжасын көрүш үчүн, сүрөттүн борборунда жайгашкан "Кароону башта" деген сары-кызыл кнопканы басыңыз. Материал экранга толук ачылат. 

Сиздин каражатыңызда кнопка кайсы бир себеп менен иштебесе, кийинки шилтеме аркылуу кириңиз.

Кыргызстандын аймактарынын кооздугу тууралуу кененирээк маалыматты Sputnik агенттигинин "Кыргызстанга саякат" лонгридинде билсеңиздер болот>>

Белгилер:
боди-арт, сулуулук, кыздар, чыгармачылык, Ысык-Көл облусу, Жалал-Абад облусу, Баткен облусу, Ош облусу, Талас району, Нарын облусу, Чүй облусу, Кыргызстан

  • Кыргызстандагы кышкы эс алуу: кайсы жерге кантип жетип, канча акча кетирип, эмне менен алектенсе болот?
    Акыркы жаңылоо: 11:50 19.12.2016
    11:50 19.12.2016

    Кыргызстандагы кышкы эс алуу: кайсы жерге канча акча менен эс алса болот

    Кышында эс алуу күндөрүн кантип өткөрсө болот? Албетте, шарты мыкты кышкы курорттордо эс алууга, лыжа жана сноубордду шамал менен кошо жарыша тебүүгө эмне жетсин? Sputnik сиздер үчүн Кыргызстанга барууга канча каражат кетерин, ага жетүүчү каттамдардын эң ыңгайлуу жолдорун иликтеп чыгып, пайдалуу кеңештерди чогултту.

    1215
  • Олигарх болбосом да: Кыргызстанда акчаны кирешелүү пайдалануунун 7 жолу
    Акыркы жаңылоо: 15:57 01.09.2016
    15:57 01.09.2016

    Олигарх эмесмин, бирок акчаны көбөйтүүнүн 7 ыкмасын билем

    Акчаң жок калса, каткан долларыңды барып алмаштыр деген бир тамаша кеп бар. Сарамжалдуулукту билбеген эл мындайды ойлоп тапмак эмес. Sputnik акчаңызды катып койгон жерден алып чыгып, аны өзүңүз үчүн иштегидей кылсаңыз, канча пайда таба турганыңызды билип көрдү.

    1908
  • Кыргызстанга саякат: өлкөгө жетелеген жол
    Акыркы жаңылоо: 14:06 15.06.2016
    14:06 15.06.2016

    Кыргызстанга саякат: келген турист кайда, канчага жана кантип эс алса болот

    Өзүңүздүн уникалдуу саякат багытыңызды түзүп, өлкөнүн кайсы аймагы сизге баарынан ылайык болорун билиңиз да, баалуу кеңештерди эсиңизге тутуп алып көчмөндөр дүйнөсү — Кыргызстанга бет алыңыз! Sputnik сизди эмне менен таң калтырууну тапканынан шек санабаңыз!

    2790
  • Кыргызстандык кыз-келиндер эмне жөнүндө сүйлөшөт
    Акыркы жаңылоо: 14:50 18.05.2016
    14:50 18.05.2016

    Кыргызстандын кыз-келиндери эмне жөнүндө сүйлөшөт: бийлик, сулуулук жана үй оокат

    Дамира Ниязалиевага аял болгону үчүн ким "ордуңду бил" деп сөөмөй кезеген? Дин кызматкерлери менен Бишкектеги акробатика боюнча мектептин жетекчиси Ольга Чжао-Тун-Кундун жолугушуусу эмне менен аяктады? Эмне үчүн орто статистикадагы кыргызстандык кыз Марина Ким айткандай "эркектин тиркемеси" болуп калган?

    1273

ЭҢ МААНИЛҮҮ