Үйдөгү мештен өрт чыкпашы үчүн аны кандай колдонуу керек

Жазылуу
Күн сууктап, үйгө от жагылгандан тарта сак болуу керектигин ӨКМ эскертет.

ӨКМдин маалыматына ылайык, жыл башынан бери өлкөдө 2686 өрт кырсыгы катталган. Былтыркыга салыштырмалуу өрт 13,9 пайызга азайган. Ошол эле учурда тогуз айда өрттөн 51 киши каза болгон. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 17 кишиге көп.

Эң көп өрт турак-жайларда чыккан. Бул жаатта 1447 өрт кырсыгы катталган.

ӨКМ өрттүн чыгышына негизинен тиричиликте керектелген жылыткычтарды туура эмес колдонулушу себеп болорун эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0