Россиянын эң меймандос университеттери

Жазылуу
"Россиянын эң мыкты жогорку окуу жайлары: өзүңдүкүн танда" интерактивдүү навигатору Россиянын жогорку окуу жайларын тандоону жеңилдетет. Финалдык маалыматында чет элдик студенттер билим алган 207 жогорку окуу жайлары кирген.

Долбоор "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги, эл аралык Sputnik агенттиги жана Росскызматташуунун колдоосу менен ишке ашып жатат. Навигатордун акыркы версиясына Россия Федерациясынын чет элдик студенттер басымдуулук кылган 207 жогорку окуу жайы кирген.

"Россиянын мыкты окуу жайлары: өзүңдүкүн тандап ал" деп аталган интерактивдүү навигатору чет элдик абитуриенттерге багытталган. Ал алыскы жана жакынкы тыш өлкөлөрдөн келген чет элдик жарандарга россиялык билим берүү уюмдарынан кесипкөй, жогорку билим алууга жана анын артыкчылыктары билүүгө көмөк көрсөтөт.

Тагыраагы, окуйм деген абитуриенттер ЖОЖдун ишмердүүлүгү жана илимий багыты, эл аралык рейтингдериндеги деңгээли, окуунун баасы жана ага кете турган чыгымдар (жатак жай, тамак-аш, камсыздандыруу, адабияттар) боюнча билсе болот. Андан сырткары жатакананын бар-жогу, орус тили боюнча курс, англис тили боюнча билим берүү программалары, орус тилине даярдануу боюнча жөнөкөйлөтүлгөн багыттар, билим алуунун жеткиликтүүлүгү, билим алган чет элдиктердин саны, сынактар, документтерди тапшыруу мөөнөтү, спорттук инфратүзүм (бассейндин бар-жоктугу жана спорттук комплекс) боюнча да маалымат алат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0