"Абдыш-Ата" жана "Наше пиво" командаларынын баштапкы курамы

Жазылуу
Sputnik маалымат агенттиги Кыргызстандын кубогунун финалына чыккан Кант шаарынын эки командасы — "Абдыш-Ата" менен "Наше пивонун" баштапкы курамын окурмандарга сунуштайт.

Командалар саат 14.00дө Кант шаарындагы "Центральный" стадионунда беттешет.

Кыргызстандын Кубогу үчүн акыркы беттешүүгө саресеп жана голдор
"Абдыш-Ата" Кыргызстандын жогорку лигасында ойногон, ал эми анын атаандашы "Наше Пиво" Биринчи лиганын лидери.

"Абдыш-Ата" кызгылт көк түстөгү форма кийсе, "Наше Пиво" жашыл формачан ойнойт. Оюнга Киемидин Пириев калыстык кылат.

Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу матчты түз алып көрсөтөт. Футбол күйөрмандары жана интернет колдонуучулар оюнду www.sputnik.kg жана www.ru.sputnik.kg даректери аркылуу көрө алат.

"Абдыш-Ата" ушуну менен финалга бешинчи жолу чыгып жатат. Ал 2007, 2009 жана 2011-жылдары кубокту утуп алган.

Кыргызстандын кубогун Бишкектин СКА-ПВО менен "Дордой" командалары жетиден жолу утушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0