Эмне үчүн Пушкин менен Шаляпиндин тилин үйрөнүү керек?

Жазылуу
Жер шарында 300 миллиондон ашык адам орус тилинде сүйлөйт. Улуу Пушкиндин жана кайталангыс үндүү Шаляпиндин тили дүйнө элдеринин өз ара баарлашуусунун негизги каражаттарынын бири болуп эсептелет. Sputnik сайтынын жаңы инфографикасы бул улуу тилди билүү кандай артыкчылыктарды бере турганы жөнүндө айтат.

Союз тарагандан кийин пайда болгон жаңы мамлекеттерде орус тили өзүнүн мурдагы ордун жоготкон жок. Мурдагы бир тууган республикалардын көпчүлүгүндө ал мамлекеттик же расмий тил болуп эсептелип, мыйзамдар менен катар башка документтер да орус тилинде чыгат. Айрым өлкөлөрдүн тургундарынын басымдуу бөлүгү үчүн ал баарлашуудагы экинчи тил болуп эсептелет жана эл аралык сүйлөшүүдө расмий тил катары колдонулат. 

Орус тилин билүү интернет аркылуу же дүйнөдө саякат учурунда жаңы тааныштарды табуунун жакшы жолу. Сапаттуу жогорку билим алуу, илимий жана иш чөйрөдө мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, россиялык жана башка өлкөлөрдөн ишкерлер менен ар кандай долбоорлорду жүзөгө ашыруу орус тилин үйрөнүүгө себептердин бири болуп эсептелет.

А.С.Пушкин атындагы Мамлекеттик орус тили институтунун "Орус тилинде билим алуу" интернет-порталы орус тилин үйрөнүүнү каалоочулардын тил билүү деңгээлине жараша тилди окууга киришүүнү сунуштайт. Окуу программасы сабакка катышуучулардын жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен түзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0