21:32 03 Бештин айы 2016
Түз эфир
Инфографика

Нацизмди даңазалоого каршы күрөшүү боюнча резолюцияга БУУнун добушу

Кыскача шилтеме алуу
25 0 0
Героизация нацизма (кырг)

БУУнун Башкы ассамблеясынын үчүнчү комитетинде нацизмди даңазалоого каршы күрөш жөнүндө резолюция кабыл алынды. Бул резолюцияны кайсы өлкөлөр колдогонун, кимдер каршы добуш берип жана кимдер калыс пикирде калышканын Sputnik жасаган инфографикадан тааныша аласыздар.

БУУнун Башкы ассамблеясынын үчүнчү комитети нацизмди даңазалоого, расалык кемсинтүүчүлүккө, ксенофобияга каршы күрөш жөнүндө резолюцияны кабыл алды. БУУга мүчө 193 өлкөнүн 115и резолюцияны колдоп добуш беришти. Үч мамлекет —АКШ, Украина жана Канада — бул резолюцияга каршы болушту. Ал эми дагы 55 өлкө, анын ичинде Европа биримдигинин мүчөлөрү, добуш берүүдө калыс пикирде калышты.

Резолюцияда БУУнун Башкы ассамблеясынын мүчөлөрү "нацисттик кыймылды, неонацизмди жана "Ваффен СС" уюмунун мурдагы мүчөлөрүн бардык түрдө, анын ичинде эстеликтерди тургузуу жана ачык демонстрацияларды уюштуруу жолу менен даңазалоолорго терең тынчсызданууларын" билдиришет.

Андан сырткары, документте фашизмге колдоо көрсөткөндөрдүн улуттук-боштондук кыймылынын катышуучулары деп жарыяланышы жана Холокостту тануучулук сынга алынат. Резолюция "дүйнө боюнча расисттик маанайдагы окуялардын болуп жатышын, анын ичинде аталган окуялардын көпчүлүгүнө, о.э. расисттик жана ксенофобиялык негиздеги зомбулуктардын күч алышына жооптуу болгон "такыр баштардын" топторунун жанданышын тынчсыздануу менен белгилейт".

Россиянын Тышкы иштер министрлиги аталган резолюциянын кабыл алынышы "акыркы кездерде көбөйүп кеткен нацизмди даңазалоо аракеттерине каршы эң чечкиндүү чараларды көрүү зарылчылыгы эбак пайда болгон өлкөлөргө ачык-айкын белги болот" деп ишенет.

Тема боюнча

Украина жана АКШ Россиянын неонацизмге каршы резолюциясын колдободу
Белгилер:
Нацизм, Инфографика, БУУ, Ваффен СС

  • 25-ноябрдан 2-декабрга чейинки баалар
    Акыркы жаңылоо: 16:52 02.12.2016
    16:52 02.12.2016

    Канчадан? 26-ноябрдан 2-декабрга чейинки баалар

    Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Токмок шаарынын базарларына баам салып көрдүк.

    88
  • АИВ (ВИЧ) илдети КРде таралышынын абалы
    Акыркы жаңылоо: 14:26 01.12.2016
    14:26 01.12.2016

    Кыргызстанда ВИЧ кандайча жайылат

    Жыл сайын өлкөдө ВИЧке кабылган 500 адам аныкталат. Кыргызстандын кайсы аймагында бейтаптардын саны арбын экенин Sputnik инфографикасынан көрүңүз.

    179
  • 18-ноябрдан 25-ноябрга чейинки баалар
    Акыркы жаңылоо: 17:27 25.11.2016
    17:27 25.11.2016

    Канчадан? 18-ноябрдан 25-ноябрга чейинки баалар

    Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Ош шаарынын базарларына баам салып көрдүк.

    113
  • Чолпон-Ата шаардык кеңеш
    Акыркы жаңылоо: 16:22 25.11.2016
    16:22 25.11.2016

    Чолпон-Ата шаардык кеңешке ат салышкандардын тизмеси

    Sputnik Кыргызстан агенттиги жергиликтүү кеңештерге аттанып жаткан талапкерлердин тизмесин жарыялоону улантат.

    58

ЭҢ МААНИЛҮҮ