Ырчы, куудул Жеңиш Айтиевдин баласын өлтүрдү деген жаран өмүр бою абакка кесилди

© AFP / Gil Cohen Magen/POOLМолоток судьи.
Молоток судьи. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Териштирүү учурунда шектүү жарандын акыл-эси соо эмес деген маалымат далилденген эмес.

ОШ, 24-янв. — Sputnik. Ырчы жана куудул Жеңиш Айтиевдин 12 жашар уулун өлтүрүүгө шектелген 23 жаштагы жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жабырлануучунун жактоочусу Чыңгыз Мырзабеков аймактык кабарчыга билдирди.

Айтиевдин баласын өлтүрүүгө шектелген жарандын соту бүгүн болуп, өкүм чыгарылды.

"Шектүү жаранга карата Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин (Адам өлтүрүү) 2-бөлүмүнүн 5-6-пунктары боюнча кылмыш иши козголгон. Анын күнөөсү далилденип өмүр бою эркинен ажыратылды. Мыйзамга ылайык өмүр бою эркинен ажыратуу эң оор жаза болгондуктан соттун өкүмүнө биздин каршылыгыбыз жок. Апелляциялык арызы менен эч жакка кайрылбайбыз", — деди жактоочу.

Соттун өкүмүн уккан Аскаров ачкачылык жарыялайм деп кыйкырды - Sputnik Кыргызстан
Соттун өкүмүн уккан Аскаров "ачкачылык жарыялайм" деп кыйкырды
Мырзабековдын айтымында, буга чейин ЖМКда айтылгандай соттолуучу жаран акыл-эси соо эмес деген маалымат далилденген эмес.

"Медициналык экспертизанын корутундусу соттолуучуну акыл-эси соо деп тапты. Сот отурумунда ал акыркы сөз айтуудан баш тартты", — деди ал.

Белгилей кетсек, 2016-жылдын октябрь айынын аягында Ош шаардык милициясына Гостелло көчөсүнөн белгисиз адам 12 жаштагы өспүрүмдү бычактаганы боюнча маалымат келип түшкөн. Кылмышка шектүү ошол эле жерден кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0