Кемпирди жулмалап сөйкөсүн чечип кетти делген жигит кармалды

Жазылуу
Окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин 167-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп тергөө иштери башталды.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. 88 жаштагы кемпирдин сөйкөсүн чечип кетүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди. 

Акча кармап турган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ош: авиакырсыктан жабыркагандар үчүн чогулган 30 миң сом уурдалды
Маалыматка ылайык, окуя 22-январда саат 17:30да Бишкек шаарынын 5-кичи районундагы көп кабатуу үйлөрдүн биринин алдында болгон. 

Октябрь райондук ички башкармалыгын инспекторлору менен бергеликте жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 30 жаштагы тургуну кармалган.

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 167-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектелген жаран убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө иштери башталды. 

Иликтөө учурунда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0