Аэропорттун чек арачылары чет элдиктен 300 доллар пара алган деп айыпталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековКонтрольно пропускной пункт на границе с Казахстаном
Контрольно пропускной пункт на границе с Казахстаном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөө учурунда чек ара кызматчылар чет элдик жарандын визасы жок болгондугуна карабай 300 доллар алып, чек арадан өткөрүп жибергендиги аныкталган.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. "Манас" аэропортундагы чек ара кызматчылары чет элдик жарандан 300 доллар пара алган деп айтыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. 

Тергөө учурунда чек арачылар чет өлкөдөн келген жарандын визасы жок болгондугуна карабай акча алып, чек арадан өткөрүп жибергендиги аныкталды. 

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтан кыянаттык менен пайдалануу), 313-беренеси (акча өндүрүү), 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктан аша чабуу) боюнча кылмыш иши козголду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0