Жети-Өгүз: жоголгон 21 жаштагы балыкчынын сөөгү суудан табылды

© Sputnik / Андрей Максимов / Медиабанкка өтүүГорода мира. Финляндия. Иматра
Города мира. Финляндия. Иматра - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда экинчи балыкчыны издөө иштери уланууда.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жети-Өгүз районундагы Жеңиш айылында балык кармоого чыгып кеткен балыкчылардын биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин, аталган айылдын эки тургуну эки күндөн бери дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымдалган.

"19-январь күнү саат 16:20да суучулдар 21 жаштагы Ж.Э. аттуу жарандын сөөгүн көлдөн таап туугандарына өткөрүп беришти", — деп жазылат маалыматта.

Учурда экинчи балыкчыны издөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0