Баткенде унаа уурдап, баңгизат алып жүргөн жаран төрт жылга кесилди

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүБаткенде унаа уурдап, баңгизат алып жүргөн жаран төрт жылга кесилди
Баткенде унаа уурдап, баңгизат алып жүргөн жаран төрт жылга кесилди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттолуучу унаа уурдоо боюнча кармалып, тинтүү учурунда баңгизат жана граната табылган.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Баткенде 21 жаштагы жаран баңгизат, жарылуучу затты мыйзамсыз сактагандыгы үчүн төрт жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмышкер өткөн жылдын 10-ноябрында Кызыл-Кыя шаарынын тургунуна таандык Mercedes-Benz-200 үлгүсүндөгү унааны уурдап кеткен. Ал укук коргоо органдары тарабынан кармалып, анын үйүн тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган эки даана граната, 4,98 грамм нашаа, 5,45 грамм гашиш заттары табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0