Кыйраган учактын кесепетин жоюу үчүн кошумча күч тартылды

© AP Photo / Vladimir VoroninКрушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта "Манас"
Крушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон жерде куткаруучулар менен кошо 40 атайын техника жана ИИМдин кызматкерлери иштеп жатат.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулаган учактын кесепеттерин жоюу үчүн кошумча куткаруучулар тартылып, алардын саны 194 адамга жетти. Мындан сырткары, 40 атайын техника жана ИИМдин кызматкерлери иштеп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Крушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Түндөн чыкпай калган мекендештер. Учак алааматынын чоо-жайы
Эске салсак, Дача айылына 16-январда эртең менен кулаган Boeing 747 учагы кыркка чукул кишинин өмүрүн алган. Учурда каза болгон 32 адамдын аты-жөнү аныкталды.

ӨКМ кырсык болгон жерде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов жүргөнүн жана 112 тынымсыз телефону иштеп жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0